Сох анклавындагы жаңжалга күнөөлүүлөрдүн бардыгы жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда, өкмөттүн жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, 5-январда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасындагы жаңжал "чек арада көйгөй көп экенин" көргөздү. "Компетенттүү органдар тыкыр иликтөө жүргүзүп күнөөлүүлөрдү тез арада жоопко тартуусу керек", - деди премьер. Ошондой эле учурда Сох анклавындагы абал туруктуу экенин кошумчалады.