Токтогул ГЭСиндеги №4 гидроагрегаттын авариялык себеби аныкталды

"Электр станциялары" ААКынын адистери Токтогул ГЭСиндеги №4 гидроагрегаттын авариялык себебин аныкташты. Бул тууралуу компаниянын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Энергетиктердин айтымында, генератордун иштеп аткан айланмасында лабиринттик жылуулаткыч үзүлгөн. "Авария болгон эмес. Турбинанын капкагында нормадан жогору басым пайда болгон. Ал эми лабиринттик жылуулаткыч турбинанын капкагына суунун келбешин камсыз кылат. Ушундай улам жогорку 7,5-8 атмосфералык басым пайда болгон", - деди Айдаралиева.

Компаниядан билдиргендей, жаралган оңтойсуз абал жөнгө салынууда. Анын үстүндө "Электр станциялары" ишканаасынын адистери күнү-түнү иштеп атат.

Энергетиктер жаралган кырдаалдын эч кандай Орусиядагы Саян-Шушенск ГЭСиндеги абалга окшобогондугун белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД