Бийлик канчалык кооз сөздөрдү сүйлөп, таттуу убадаларды бербесин Кыргызстан кризистин сазынан чыгалбай турат. Элдин турмушу жакшырганды кой, күндөн күнгө оорлоп баратат. Эл бүгүн бийликке, саясатчыларга дегеле ишенбей калды. Мындай кыйын кырдаалдан чыгууга мүмкүнбү? Мүмкүн. Буга азыр биз суктанып жаткан Япониянын тээ 17-кылымдагы тарыхын мисалга тартсак болот. Кризиске батып, мамлекет чөгөлөп калган жагдайда Ёдзан Уэсуги аттуу реформатор кыска убакыттын ичинде өз өлкөсүн гүлдөтө алган. Анын реформаторлук ишине АКШ президенти Кеннеди да суктанган. Учурда Кыргызстан да ошондой реформаторго муктаж болуп турат. Бул макала Япон гезитине басылып чыкты (Японияда өткөн дем алышта орун алган парламенттик шайлоодо 3 жыл бийликте турган Демократиялык партия жеңилип, оппозиция бийликке келди). Азыркы Кыргызстан үчүн да актуалдуу макала.
Саясатчылар үчүн өз күчүнө ишенүү ашыктык кылбайт
Япон журналисттери Американын президенти Кеннедиден "Сиз япон саясатчыларынан кимди сыйлайсыз?" деген суроосуна "Ёдзан Уэсуги" деген жооп алышат. Ал журналисттердин бири да Ёдзан Уэсуги тууралуу эч нерсе билбегендиги тууралуу аңыз кептер айтылып жүрөт. Бирок бул окуя чындыгында эле орун алгандыгы тарыхый чындык жана Кеннединин мындай жообуна анчалык таң калуунун деле кереги жок. Анткени ал Ёдзан Уэсуги тууралуу кеңири маалымат берген Кандзо Утимуранын англис тилинде жарык көргөн "Керемет япондуктар" аттуу китебин окуган.
Бүгүнкү күндөгү биздин Ёдзан Уэсуги кайда?
Ёдзан Уэсуги тууралуу, же анын иштерин, маселен, Дэванокуни (учурда Япониянын түндүгүндөгү Яманаси жана Акита аймактары) провинциясына өз кланынын бийлигин калыбына келтиргендиги, натыйжада ал клан Эдо эпохасынын акырына чейин (1603-жылдан тарта 1868-жылга чейин) бийликте тургандыгын бүгүн эскербей койсок деле болот эле. Ёдзан Уэсуги ортодон бир канча муун өтүп кеткен алыскы таякелери менен болгон туугандык байланыштары аркылуу мансапка ээ болгон. Финансылык кыйынчылыктардан улам ал адегенде өз аймагын Токугава сегунатына өткөрүп берүүнү да ойлонот. Чукул арада акча каражаттары табылбаса, баардык чыгымдарын кыскартуудан башка аргасы калган эмес. Мындан улам Ёдзандын биринчи кадам катары баардык багыттар боюнча катал экономияны киргизген. Кызматкерлердин айлыктарын 8 эсе кыскарткан, белгилей кетчү жагдай мындан улам казына эч зыян тарткан эмес. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү үчүн Ёдзан экономия тууралуу буйрук чыгарып коюп гана тим болбостон, өзү башкаларга үлгү болуп берген. Мисалы, эң жөнөкөй тамактарды жеп, кымбат балуу жибектен эмес, жөнөкөй кездемеден кийим кийип, ал гана эмес хансарайдагы кызматчылардын санын 50 дөн 9 га чейин кыскарткан.
Ошол эле учурда ал өндүрүш тармагын өнүктүрүүнү колго алган. Күрүч өндүрүүнү жакшыртуу максатында тоолорго арык чаптырып, жаңы айдоо аянтарын өздөштүргөн, сугат системасын жакшыртып, жаңы көпүрөлөрдү жана кампаларды салдырган. Бүткүл провинциянын аймагына тыт, лак жана жибек дарактарынын миллион түп көчөттөрүн отургузган. Лак бактары шамчырак үчүн, жибек дарактары жибек кездеме үчүн, тыт дарактары кагаз алуу үчүн сырье катары колдонулган. Өз аймагында алынган кремень, ысык булактардан алынган туздарды майдалап, коңшуларга сатууну да өздөштүргөн. Сыя, боек өндүрүп, керамикалык жасалгалады бышырууга мештерди орноткон, карптарды багууну уюштурган. Ушул жана башка бир катар аракеттердин аркасында казынанын кирешелерин көбөйтүүгө жетишкен. Казынага пайда түшүрүү өңдүү жалпы ишке аз да болсо салымыңарды кошкула деп кенже самурайларды майда иштер менен, маселен, жыгачтан атайын куурчактарды жасоого аргасыз кылган. Даражасы соттон ылдый чиновниктердин колуна кетмен карматып күрүч талаасына иштөөгө жөнөткөн. Ушул өңдүү аракеттерди аркасында ал өз жерин өнүктүрүүгө жетишкен.
Ёдзандын "Каалоо бар жерде мүмкүнчүлүк да болот" деп айткан сөзү бар. Ал "биздин колубуздан келет", "биз өз жерибизди калыбына келтиребиз" деп вассалдарына жана дыйкандарына ишеним бере алган жана акылман саясатынын аркасында өз жерин гүлдөтө алган.
Тэтчер жана Рейган
Баардык мамлекеттин башына кыйын күндөр түшөт. Мындай учурда өлкө кризистин сазына андан ары дагы тереңдеп батабы же жаңы бийиктиктерди багынтабы деген суроого жооп издеп, ал эми ал өлкөнүн лидерлерине карата – ал лидер Ёдзан өңдүү өлкө өнүгөт деп жарандардын жүрөгүнө ишеним жарата алабы же жокпу деген суроону коюу зарыл.
Британия Тэтчер премьер-министр болуп келгенге чейин "англис оорусу" менен ооруп келгендиги белгилүү. Мамлекеттик өндүрүштүн басымдуу бөлүгү профсоюздардын таасиринде калган, алар өз кезегинде саясатка чоң таасир тийгизип турушкан. Тэтчер мамлекеттик ишканаларды менчиктештирген жана аларды башкарууну жакшырткан. Ал гана эмес байгер турмушка байланган улуттун аң-сезимин өзгөртүп, көз карандысыздыкка умтулууга үйрөткөн. Ал Аргентинанын карамагындагы "атайын аймак" болуп келген Фолкленд аралдарын өз карамагына алууга жетишкен. Тарых боюнча окуу программасын кайра карап чыгып, Улуу Британия азыркы абалга Азия менен Африканы пайдалануу аркылуу жетишкендигин баса белгилеген. "Викториандык асыл сапаттарга" таянуу менен өз эли менен бирге эле бүткүл дүйнө элин Улуу британиянын тарыхындагы улуу заманга жаңы көз караш менен карап, ал заман менен сыймыктанса боло тургандыгын тастыктаган. "Тэтчердин консервативдик революциясы" улуттук аң-сезимди түп-тамырынан өзгөртүп, жарандарына дем берип, өз күчтөрүнө ишенип, кыйынчылыктарды жеңе билүүнү үйрөткөн.
Ушул өңдүү кырдаал Америкада да орун алган. "Дипломатиялык жеңүлүүнүн" негизинде өлкөнү кыйын кырдаалга кептеп койгон президент Картердин ордуна "күчтүү Америка" үчүн деген Рейган бийликке келген. Ал куралдануу боюнча СССРге, ал эми экономика боюнча Японияга жана Германияга утулуп калбоо керек деп максат койгон. Максатка жетүү үчүн ал дээрлик 20 жыл бою либералдык маанайдын таасири астында калгандыгынын негизинде "жеңилүүгө" шарт түзүп берген билим берүү системасын радикалдуу түрдө кайра карап чыккан. Аны менен катар эле "эстен кеткис 50-жылдардын" эсебинен элдин руханий дөөлөттөрүн көтөрүүгө үндөгөн. Президенттин жеке мүнөзүндөгү позитивдүү сапаттары да жалпы элдин маанайына таасир этип, демине дем кошуп, жаңы ийгиликтерге умтулууга шарт түзгөн.
Өнүгүү же артка кетүү
Канча айтпаганыбыз менен Япония бүгүн артка кетүүдө жана бул кайгылуу нерсе. Артка кетүү тек гана экономикага байланыштуу шайлоо алдындагы дебаттар, тышкы саясаттын абалы, керектөөчүлөр үчүн салыктардын жогорулашы, атомдук энергия, Стратегиялык кызматташтуу тууралуу Тынч океан келишими менен эле чектелип калбайт. Азыр биздин алдыбызда тандоо турат: өлкөнү ушундай кыйын кырдаалга алып келген Демократиялык партиянын 3 жылдык башкаруусуна баа берип жана кайсы партия, кайсы лидер өлкөнү кризистен сууруп кете алаарын чечүүбүз керек. Негизги приоритет – бул элдин өз күчүнө болгон ишенимин жандантуу зарыл, анткени мунун негизинде экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Андыктан оригиналдуулук жана чыгармачылык мамилелердин жаралуусун күтө берсек болот. Өкмөт бул процесске тоскоол болбоосу керек, ал тургай колдоого алуусу зарыл. Билим берүүнү да калыбына келтирбей коюуга мүмкүн эмес.
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Махатхир япон моделин колдонуу менен өз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүүдө "чыгышка кайрылуу" жолун колдонгон. Ал өзүнүн "Япондуктар, тургула!" аттуу китебинде "Эгер ачык айта турган болсок, азыркы учурда япондуктарга өз күчүнө ишенүү жана өз өлкөсүнө болгон сүйүү жетишпей жатат" деп жазат. "Япондуктар, силер өзүңөрдүн уникалдуу маданиятыңар менен сыймыктанууңар керек. Эгер силер буга ишенбей жатсаңар, анда мага уруксаат бергиле, силерди ишендирүүгө мен аракет кылып көрөйүн. Силерде чындап эле суктаңаарлык маданиятыңар бар. Силер Япониянын күчүн эсиңерден чыгарып койдуңарбы? ". Япондуктар башын көтөрүп алга умтула алабы же жокпу деген суроого алар парламенттик шайлоодогу чечимдери менен жооп беришет.
Хидэцугу Яги, Такасаки экономикалык университетинин профессору, булак: "Sankei Shimbun", Япония, inosmi.ru сайтынан алынып которулду
Урмат Иманалиев