"Жапаровду кол тийбестигинен ажыратууга макулдук бербеш керек", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттык комиссиянын төрагасы Нурбек Мурашев билдирди.
Анын айтымында, Жапаров сатып алган имарат Максим Бакиевге тийиштүү экенин билбегенин жана катардагы сатуучу катары сатып алганын айтат. "Имарат бир нече жолу колдон колго сатылган. Анан тарыхы да өтө чырмалышкан. Материалдарды карап чыгып, комиссия Башкы прокуратура тарабынан коюлуп аткан айыптоолор негизсиз деген жыйынтыкка келди. Жапаровду кол тийбестигинен ажыратууга макулдук бербеш керек", - дейт Мурашев.
Эскертсек, Башкы прокуратура Садыр Жапаровду имаратты сатууда алдамчылыкка тийиштиги бар деп айыптап, анын депутаттык кол тийбестигин алуу тууралуу маселени көтөргөндөн кийин парламенттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирген. Ошондой эле бул ишке "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Турат Мадылбековдун баласы Элдар Мадылбековдун да тийиштиги бар делинип келет.