Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин салтка айыланып калган жыл жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны 3 сааттан ашык убакытка созулду.
Маалымат жыйынына 120дай журналист катышты.
Президенттин басмасөз кызматы билдирдигендей, маалымат жыйыны учурунда президентке 60тан ашык суроо берилген.
Белгилей кетсек, Атамбаевдин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда болгон маалымат жыйыны учурунда жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөп атканда жарык өчүп калган.