Президент Алмазбек Атамбаевдин салтка айланып калган жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынына жергиликтүү жана чет элдик 100дөн ашык журналист каттоодон өткөн.
Маалымат жыйыны бүгүн, 24 декабрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ал саат 11ге белгиленген.
Эскертсек, өткөн жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны 2011-жылдын декабрь айында болгон.