Саламаттык сактоо министрлигинин басмасөз кызматы өлкө боюнча сууктан тоңуп өлгөндөрдүн санын тактады.
Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча 11 адам тоңуп өлсө, Бишкекте – 7, Ош облусунда – 4 жана Ысык-Көлдө – 2 окуя катталган.
Декабрь айынын башынан бери республика боюнча 24 адам тоңуп өлгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги тактады.