"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өтө эле көп каражат жумшалууда, бирок элчиликтердин ишинин эффективдүүлүгү жок", - деп Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин бүгүнкү, 21-декабрдагы, жыйынында эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, министрлик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишинин эффективдүүлүгү боюнча анализ жүргүзбөйт. Депутат Малайзия, Түркмөнстан жана Белорусияда элчиликтин кажети жок деп эсептейт. "Бизге мынча элчиликтин канчалык кереги бар? Өнүккөн мамлекет деп саналган Финляндия биздин аймакта элчилиги жок болчу. Алар эми гана аны ачуу маселеси боюнча иштеп атат. Убагында биздин ишкерлер Малайзия, Дубайдан түрдүү товарларды алып келе башташкан жана аларга элчиликтин кереги деле жок болчу. Алардын азыр деле кереги жок", -дейт Абдырахманов.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда кызматташуу боюнча кандай долбоорлор иштелип аткандыгы тууралуу жазуу түрүндө кабардар кылууга даяр экенин айтты.
"Сиз каражатты азыр сурап атасыз, андыктан ал тууралуу азыр айтыңыз. Малайзия менен кандай кызматташуу боюнча сөз болуп атат. Малайзиянын премьер-министринин иш сапары учурунда Сиз аны түшкү тамагын өзү төлөөгө мажбур кылгансызбы? Ал түкүрүп туруп кетип калды", - дейт Абдырахманов.
Ал ошондой эле Кытайдагы элчи Пекинден айына батир үчүн 4 миң доллар төлөп атканын маалымдады.
"Бул маалымат туура эмес. Кытайдагы элчинин үйү үчүн айына 3 миң доллар төлөнөт", - деп жооп берди Абдылдаев.
Абдрахманов ошондой эле Белорусиядагы элчиликти да жабуу керектигин белгиледи. "Алар ал жакты биздин мурдагы президентти (Курманбек Бакиев. – vb.kg) киргизип алды. Биз болсо аны да жасай албай атабыз. Белорусия менен кандай мамиле болушу мүмкүн?", - деп депутат суроо салды.