“Кумтөрдү” салыктан бошотууда Эсептөө палатасын күнөөлөштү

Эсептөө палатасы аны иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу менен макул эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-декабрдагы, жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, Эсептөө палатасы 3,3 млрд сомду өзүнө алып алган.

“Чындыгында Эсептөө палатасы “Кумтөрдөгү” мыйзам бузууларды жашырган эмес. “Кумтөрдөгү” финансылык мыйзам бузуулар боюнча билдирүү жалган. Аталган компаниядан 22 млн доллар салык төлөмдөрүн төлөөсүн премьер-министр Данияр Үсөновдун 2009-жылы кол коюлган буйругуна ылайык талап кылышууда. Бирок, андай тийиштүү документти премьер-министр эмес, бир гана Жогорку Кеңеш кабыл ала алат”, - дейт ал.

Бирок, “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Анарбек Калматов 2009-жылы кыргыз өкмөтү менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” компаниясынын ортосунда “Кумтөр” 22 млн долларды салык түрүндө төлөп бере тургандыгы боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди. Бирок, Эсептөө палатасы өзү билип туруп компанияны салыктан бошотуп койгон”, - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД