Иса Өмүркулов: Шаардын негизги көчөлөрүн тазалаганга жетишип атабыз

"Кардын катуу жаагынына карабай биз шаардын негизги көчөлөрүн тазалаганга жетишип атабыз". Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар бийлигинин бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясында болгон маалымат жыйында билдирди.

“Сөзсүз түрдө атайын техника алыш керек. Тилекке каршы, бюджеттен каралган каражат күнүмдүк чыгымдарды каржылоого гана жетүүдө. Өкмөт ага акча бөлүп берген жок. Биз атайын техниканы лизинге алуу уруксатын сурап атабыз. Учурда 18 атайын техника бар. Азыр тонгон муздарды грейдерлер менен кырып, карды тазалап атабыз. Эки күн, эки сутка кар тынбай жаады. Бул өз кезегинде тазалоо иштерине бир топ жолтоо болууда”, - дейт ал.

Ал бүгүн түнү шаардын 96 көчөсү тазаланганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД