Шаар башчысы: Бүгүн жана эртең бардык кардарлар газ менен камсыздалат

Бүгүн жана эртең Бишкек шаарынын жана анын чет жакасында жашаган кардарларга газ берүү толугу менен бүтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар бийлигинин бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет-редакциясында болгон маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында учурда шаарда баардыгы болуп 49 миң кардар бар.

“Учурда бардык жылытуу мештери штаттык режимде иштеп атат. Мэрия жакыр үй-бүлөлөргө жарым тоннадан бекер көмүр таратты. Ар бир райондо арзандатылган көмүрдү сатуу үчүн 5тен кем эмес жер иштеп атат. Ал жакта көмүрдүн баасы 3 миң сомдон жогору”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД