Эгер талап кылынса Тургунбек Кулмурзаевди жоопко тартуу сунушталды.
Парламент өкмөткө “Кыргызгаз” ААКынын башчысы Тургунбек Кулмурзаевди отставкага кетирүүнү сунуштап, талап кылынса жоопкериликке тартууну белгилешти. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.
Тийиштүү сунуш “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамыровадан түшкөн. Аны депутаттар токтом кабыл алууда бир добуштан колдоого алышты.