“Кыргызстанга газды берүү саатына 50 миң кубометрга чейин көбөйдү”, - деп Энергетика министринин орун басары Айбек Калиев бүгүн, 19-декабрда, маалымат жыйында билдирди.
Ал “КазТрансГаз” акционердик коому 13-декабрдан баштап Кыргызстанга газ берүүдө чектөө киргизгенин айтты.
“Узак сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында газ берүүнү саатына 20 миң кубометрге чейин жеткирүү ишке ашты”, - дейт Калиев.