Депутаттарга коомдун аларга ишенбей тургандыгын айтышты

Кыргызстандын тургундары бардык бийлик бутактарына ишенишпейт. Бул тууралуу “Ар-Намыс” фракциясынын бүгүнкү жыйынында Oxus International уюмунун адиси Аида Алымбаева билдирди.

Эскертсек, Эларалык мамилелер улуттук демократиялык институту Кыргызстандын жети облусунда фокус-группалык “Парламенттин ишмердигин жарандардын кабыл алуусу” аттуу изилдөө жүргүзүшкөн. 22 топтун ар биринде 8ден 10го чейин киши болгон.

“Парламенттин ишмердигине баа берүү негизинен терс болду. Буга өзгөчө жаштар арасында жумушсуздуктун болушу, азык-түлүккө болгон баанын жогорулашы жана күнүмдүк керектелген элдик товарлардын кымбаттоосу да таасир берет”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД