Ишимбай Чунуев: Кыргызстандагы нефтинин запасы 97,4 миллион тонна

“Бүгүнкү күнү Кыргызстанда нефтинин запасы 97,4 млн тоннаны түзөт”, - деп бүгүн Геология жана минералдык ресурстар мамагенттигинин директору Ишимбай Чунуев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда алынып аткан нефтинин запасы 11,6 млн тонна, жараталыш газы – 4,9 млрд кубометр.

“Негизинен алар түштүктө – Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында. Азыр 15 кен иштетилип атат. Негизинен ал жерде “Кыргызнефтегаз” ААКынын өкүлдөрү иштешет”, - дейт агенттиктин директору.

Ал өз сөзүндө жакында эле Орусиядан делегация келип, анда чогуу кызматташуу жөнүндө “Газпром” менен меморандумга кол коюлганын кошумчалады.

“Алар биздин кендерди ишететүүнү каалашат, мен алар менен биргеликте иштөө керек деп ойлойм. Андыктан түштүктөгү кен иштеткендерге берилген 38 лицензия боюнча инвентаризация жүргүзүү керек”, - деди Чунуев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД