Орусия менен Кыргызстандын ӨКМсы Ошто гуманитардык база түзүшөт

Кыргызстан менен Орусия федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда бирдиктүү гуманитардык база түзүү маселесин карап атат. Бул тууралуу бүгүн ӨКМнын эларалык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Мамбетов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, базада эки тараптын тең өзгөчө кырдаал учурунда керек болгон жабдыктары жана материалдары болот.

“Мындай базаны түзүүгө бир канча жыл кетет. Орусиянын ушундай базасы Сербияда бар. Ага беш жыл болду. Бирок, анын иши азыркыга чейин толук аяктай элек”, - дейт Мамбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД