Экономика министрлиги: Кен иштетүүдөн түшкөн салыктын 50%ы өлкө бюджетине түшөт

Тоо-кен өндүрүш тармагы – Кыргызстандын экономикасындагы негизги тармак. Бул тууралуу бүгүн инженердик академиянын академиги Орозбек Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, учурда тоо-кен өндүрүшүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Академик өлкөнүн Андаш, Талды-Булак Сол жээк, Жерүй алтын кендеринде мыйзамсыз аракеттерди токтотуу керектигин белгиледи.

“Андаш алтын кениндеги курулуш иштери эч кандай негизсиз эле токтотулду. Жерүй алтын кенин курамында тоо-кен өндүрүш тармагындагы адис жок эле текшеришти”, - дейт ал.

Өз кезегинде экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев мындан ары кен иштетүү үчүн лицензия бир гана комиссиянын корутундусунан кийин гана бериле турганын билдирди. “Ар бир кен боюнча өзүнчө комиссия түзүлөт. Анын курамына жергиликтүү жана борбордук бийликтин өкүлдөрү кирет”, - дейт Касымалиев.

Министрдин орун басары кен иштетүүдөн түшкөн салыктын 50 пайызы мамлекеттик бюджетке которула турганын кошумчалады. Ошондой эле төлөмдүн көпчүлүк бөлүгү жергиликтүү башкаруу органдарында калат. “Пайдага алынчу салыктын ордуна киреше салыгы киргизилди. Алтынга болгон баа канчалык жогору болсо, салыктын ставкасы ошончо жогору болот”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД