Турсунбай бакир уулу экөө ит мышык эле го. ал депутат эмне дейт болду экен.
Бүгүн КСДП фракциясынын жыйынында депутаттар Кыргызстандын акыйкатчысынын ордуна талапкерлерди кароодо.
Талапкердин бири учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун. Андан тышкары акыйкатчынын кызмат ордуна Салымбек Өмүрканов, Элмира Мырзабекова, Азиза Абдрасулова, Бакыт Рыспеков, Токтогул Какчекеев, Акылбек Сариев, Талант Сулайманов, Токтокан Боромбаева ат салышууда.
Андан тышкары фракциянын жыйынына катышпаган Марат Кайыпов да бар.
Депутаттар акыйкатчылык кызматка талапкер болгондорго жашыруун добуш берүүнү чечишти.