ЭВФ Кыргызстанга 14,6 млн доллар каражат бөлдү

Эларалык валюталык фонддун (ЭВФ) аткаруучу кеңеши Кыргызстанга бөлүнө турчу 14,6 млн долларды жактырды. Каражат 10 күн ичинде келип түшөт. Бул тууралуу ЭВФ Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн “ВБ”га билдиришти.

ЭВФ программа алкагында Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн үчүнчү иликтөөсү аяктады.

Иликтөөнүн бекитилиши менен Кыргызстан 14,6 млн доллар өлчөмүндө каражат ала алат. Жыйынтыгында, келишим алкагында алынган каражаттын жалпы көлөмү 58,5 млн долларга жетет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД