Алмазбек Шаршенович!Өткөн апта Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Барктабасович Мамбетакуновдун 60 жылдык мааракеси сыналгыдан көрсөтүлдү.Жубайы Динар экөөсүнүн чыгармачыл кечесинде ырларына жазылган обондуу чыгармалары берилди.Мен эми укмуш шедевр деп айталбаймын, бирок кечээ ырдап,эртеси "жылдыз" боло калган, жүрөккө муюбаган, кулак ырчыларына караганда, кыйла дурус жазылганы көрүнүп турат.Калык аксакалдын көзү көрбөгөнү менен көкүрөгү тунук, жетекчи катары такшалган, нагыз лидерлик касиети бар, орундуу сүйлөгөн, омоктуу жоргологон кеби көбүн ойлондуруп койду.Президент, премьер, спикер барып куттуктап койгонго жарабады.Өзүн сыйлабасаңар да азиздер менен дүлөйлөрдүн духун көтөрүп, өлкө жетекчилери барып койсоңор, кудайдын өкүтү менен майып болгон пенделердин сообуна калат элеңер.Алмаз Шаршенович, убакыт таап, областтык масштабдагы обончу Ибрагим министрдин автордук кечесинде деле баш-этегине чейин отуруп бердиңиз эле.Раев барып менин атыман куттуктады деп кутулчу болсонуз, Султан кеңешчиңиз ПРЕЗИДЕНТ эмес да!