“Манас” эларалык аэропорту бардык рейстерди кабыл алып, мурдагы калыбында иштеп атат. Бул тууралуу аэропорттун басмасөз кызматы “ВБ”га билдирди.
1-декабрь, ишемби күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн бир канча рейстер кармалган.
Учурда аэропорттун кызматкерлери Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келе турган делегацияны кабыл алууга даярданууда.