Кулов фракция лидеринин бирөөнү эл алдында кечирим суроого мажбур кылат

Феликс Кулов фракция лидерлеринин бирөөнү арнамысчы депутаттарды сатып алуу жөнүндө айтканы үчүн эл алдында кечирим суроого мажбур кылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында “Ар-Намыстын” лидери Феликс Кулов билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк коалициядан чыгуу боюнча депутаттардын колу бейрасмий чогултулган. “Бизде Конституция боюнча ар бир депутат өз оюн эркин билдире алат жана бул үчүн ал душман болуп калат дегенди түшүндүрбөйт”, - дейт Кулов.

Ошондой эле ал фракция лидерлеринин бири арнамысчы депутаттарды коалициядан чыккыла деп сатып алгандыгы тууралуу айтылганын кабарлады.

“Бул маекти телевизордон бардыгы көрдү. Бул жалаа. Мен бул боюнча ал киши менен сүйлөшөм. Эгер чындыгында ал ошентип айтканы далилденсе, мен аны эл алдында кечирим суроого мажбур кылам. Биздин фракцияда андайлар жок”, - дейт Кулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД