Футзал: “Дордой” уралдын “Тайпак” командасын Казакстан чемпионатында утуп алды

Футзал боюнча Кыргызстандын учурдагы чемпиону бишкектик “Дордой” чемпионаттын аутсайдери уралдык “Тайпак” командасын Казакстандын чемпионатында утуп алды. Бул тууралуу казак ЖМКлары билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионаттун 7-турунун алкагында “Дордой” “Тайпактын” дарбазасына 14 гол киргизген. Казакстандыктар эки гол менен жооп берген.

Бул мелдеште төрт оюнчу дароо экиден гол киргизишкен. Алар: Канимет Аралбаев, Шерзод Жумаев, Эркин Табалдиев жана Эркин Байтиков.

Бүгүн, 30-ноябрда Кантта эки команда 7-турдун алкагында экинчи мелдешти өткөрөт.

Эске салсак, Казакстандын футзал боюнча чемпионатында “Дордойдон” башка казакстандык 9 клуб катышууда. Учурда “Дордой” жетинчи орунду ээлесе, “Тайпак” турнирдик таблицада акыркы орунда турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД