“Кыргызстанда туруктуулукту сактоо үчүн КСДП фракциясы оппозицияга өтүүсү керек”,- деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Равшан Жээнбеков билдирди.
Ал парламенттеги калган төрт фракция көпчүлүк коалицияны түзүүсү керектигин айтты. Эгер андай болбосо өлкөдө жаңы революциянын толкундары пайда болушу мүмкүн деген ойдо.