Токмоктун машыктуруучусу Абдырасул Мамат жаштардын баскетбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын баскетбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамат 1997-жылы туулгандардын курама командасын алдады боло турчу КМШ мамлекеттеринин “Күмүш себет” эларалык турнирине жетектеп келет.
Кыргызстандын баскетбол федерациясынын вице-президенти Вячеслав Андреевдин айтымында, Маматтын командасы “Күмүш себетке” катышууга болгон тандоо турунда биринчи орунду алган. “Спорттук принцип ойноду – уткан команданын машыктыруучусу курама команданын башкы машыктыруучусу болот. Боло турчу мелдеш машыктыруучу үчүн жана команда үчүн да өзүнчө сыноо”, - дейт Андреев.