“Башкы прокуратурада дагы бир нече парламент депутаттарына карата материалдар бар”,- деп Жогорку Кеңеш жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова билдирди.
Анын айтымында, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түдлеевдин иши боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгына карап Жогорку Кеңештин чыгарган токтому тергөө ишине тоскоолдук кылуу катары бааланат.