Таш-Көмүрдө шайлоо тизмесине каза болгондор да киргизилген

Жалал-Абат облусунун прокурорунун буйругу менен Жалал-Абат облусундагы жергиликүү кеңешке боло турчу шайлоолорго даярдык жана өткөрүү боюнча мыйзамдын аткарылышын текшерүү боюнча көзөмөлдөө штабы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, штаб иштөө учурунда “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын бузулушун аныкташкан. Анда прокурордук 15 акты түзүлгөн.

Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы мэрия тарабынан түзүлгөн шайлоочулардын тизмесинен 13 каза болгон кишинин аты-жөнүн табышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Таш-Көмүр шаарынын мэрине каза болгон адамдардын аттарын тизмеден чыгаруу боюнча мыйзамдуу аракеттерди көрүү керектиги айтылган.

Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын талаптары Жалал-Абат облусунун дагы башка райондорунда да катталгандыгы билдирүүдө айтылат. Аларга карата да прокуратура тарабынан тийиштүү чаралар көрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД