Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев эл аралык “Кремль Кубогу” турниринин чейрек финалына чыкты.
Европалык комитеттин расмий сайтында маалымдалгандай, Каныбек Сагынбаев чейрек финалга чыгуу үчүн орусиялык Леонид Швыряевды 5:1 эсебинде утуп алды.
Азыр Сагынбаев финалга чыгуу үчүн Армениялык Армен Габриелян менен беттешет.