Президент Алмазбек Атамбаевдин кол койгон Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дүйшөнкул Чотонов Сеул шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргыз Республикасынын Вьетнам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.