Жогорку сот депутат Талант Мамытовду камакта калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “ВБ”га билдирди.
Анын айтымында, КР Жогорку сот коллегиясы МУККнын тергөө абагына камакка алынган “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытовдун адвокатынын арызын карады. Материалдарды карап чыккандан кийин сот биринчи жана экинчи станциядагы сот чечимдерин күчүндө калтырды.