Документалдык фотография жана анимация боюнча жайкы мектептин алкагында жаштар долбоорунун презентациясы 2-ноябрда улуттук көркөм сүрөт музейинде болот.
"Сорос-Кыргызстан" фондунун финансылык колдоосу менен Балдардын медиаборбору иш-чаранын уюштуруучулары болушкан.
Катышуучулар көрөрмандардын назарына окуу маалында жасалган фоторепортаж түрмөктөрүн, документалдык жана анимациялык фильмдерди коюшат.
"Investigative Real Life – бул жашоонун документалдык изилдөөсү, анын жеке, социалдык жана күнүмдүк аспекилерин жаңы медианын жардамы менен камтыйт. Бул үйрөнүү учурун, иликтөө жана чыгармачылык иштерди жаратуу менен айкалышат, - дейт медиаборбордун активисттери. Презентация – бул долбоордун жыйынтыктоочу этабы. Жаш авторлор негизинен борбор калаада иштешти".
Иш чара саат 15.00дө башталат.