Бишкекте "Эко-Баштык" фестивалы өтөт

28-октябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Эко-Баштык" аттуу экологиялык форум өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, Capacity Building жана "Таалим-Форум" экологиялык фондунун активисттери шаардыктар жана коноктор үчүн түрдүү программаны сунуштайт. Студенттердин кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө-жарманкеси, чыгаан кол өнөрчүлөрдөн мастер-класстар көргөзүлөт. Фестивалдын катышуучулары эски жана кереги жок делинген буюмдардан баштык жасоону үйрөнө алышат.

Фестиваль саат 11-00дө башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД