Кыргызстандын бильярдчылары дүйнөлүк чемпионатта медаль ута алышкан жок

Кыргызстандын бильярдчылары эркин пирамида боюнча дүйнөлүк чемпионатты утушу жок аякташты.

Пирамида боюнча Европа комитети билдиргендей, Кыргызстандык спортчулар арасынан жакшы оюн көргөзгөндөр Каныбек Сагынбаев, Камолиддин Есиддинов жана Зайлан Адамов. Алар 1/32 финалга чыгышкан.

Чемпионаттын жыйынтыктоочу таблицасына ылайык, Сагынбаев, Есиддинов жана Адамов 33-64-орундарды ээлешти.

Бул чемпионатка Кыргызстандан 8 бильярдчы барган.

Эркин пирамида боюнча дүйнөлүк чемпионат 18-21-октябрда Минск (Белорусия) шаарында өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД