Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча ЕККУнун Жогорку комиссары Кнут Воллебек менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргызстандагы улуттар аралык биримдик тууралуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Кыргызстанда улуттар ортосунда чыр-чатактардын алдын алуу жана улуттар аралык мамилелерди жакшыртууга өбөлгө түзчү Кыргызстандын улуттук биримдигинин Концепциясы иштелип жаткандыгын белгиледи.
"Бул маселелер Кыргызстан үчүн абдан маанилүү", – деди Алмазбек Атамбаев.
Республиканын укук коргоо органдарын реформалоо алкагында ИИМ Академиясынын окутуу программасына "Көп улуттуу коомдо укук тартибин коргоо иштеринин өзгөчөлүктөрү" сабагы киргизилди.
"Биздин оюбузча Кыргызстандагы туруктуулук Борбордук Азия үчүн гана эмес, ошондой ЕККУнун бардык региону үчүн маанилүү, биз кызматташууну мындан ары дагы улантууга даярбыз", - деди Кнут Воллебек.