Кыргызстанда бойдон алдыруу өсүүдө. Бул тууралуу "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө" мыйзам долбоорунун парламенттик угуусунда депутат Дамира Ниязалиева билдирди.
Анын айтымында, эгер 2006-жылы аборт жасаткандар миң төрөлгөндөрдүн 8,1ине туура келсе, 2011-жылы бул көрсөткүч 10,3кө чыккан. "Булар болгону каттоого алынгандары гана. Көпчүлүк кызматтар бойдон алдырууну каттоого алышпайт. Бейөкмөт уюмдардын маалыматына ылайык, ар бир жасалган 5-аборт каттоого алынбайт", - дейт депутат.