1-ноябрдан баштап пенсия көбөйөт

1-ноябрдан баштап орточо пенсия 200 сомго көбөйүп, 4 270 сомду түзөт. Бул орточо жашоо минимумунан 5 пайызга жогору. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.

2 миң сомго чейин пенсияга 300 сом, 2 миңден 3 миң сомго чейин пенсияга 250 сом, 3 миңден 4 миңге чейинки пенсияга 200 сом кошулат. Ал эми жашоо минимумунан жогору болгон 4 миңден 10 миң сомго чейин пенсия алгандарга 150 сом кошулат. 10 миң сомдон жогору пенсия алгандарга акча кошулбайт.

1-ноябрдан баштап пенсияны жогорулатууга кошумча 224 млн. сом керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД