Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына 2009-жылы туулган эгиз балдар чөгүп кетишти. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка таянсак, 18-сентябрда куткаруучулар балдардын бирөөсүнүн жансыз денесин табышкан. Учурда экинчи түгөйүн издөө иштери жүрүп жатат.