Президенттин аппаратынан "ВБ"га билдиришкендей, 20-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон иш сапары расмий статусту ташыйт.
Буга чейин ТИМдин басма сөз катчысы: "Иш сапар расмий статуска ээ болбосо дагы, Кыргызстан Орусиянын президентин жогорку денгээлде тосуп алууга даяр", деп билдирген.