Нуракен кыйын... Анын ысымы берилиши татыктуу иш, ал ошого татыктуу иштерди аткарып жатат.
Кыргызстанда президент Нурсултан Назарбаев атындагы токой эс алуу жайы пайда болот. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча комитеттин отурумунда, КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Шералы Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Казакстанга болгон иш сапары маалында, президент Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын түштүгүнө мектеп салуу боюнча каалоосу бар экенин билдирген. Мындан улам, Ош облусунун Кара-Суу районунда 6га жер бөлүнгөн.
"Бөлүнгөн жердин 2,5га аянтына мектеп курулат.Калган аймагы Нурсултан Назарбаев атындагы токой эс алуу жайы болот", деди Абдылдаев.