Сокулук районунда унаа жөө жүргүнчүнү койдуруп кетти. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Мааламатка караганда, жол кырсыгынын күнөөкөрү, Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну "Субару-Форестер" унаасын айдап бара жатып, Бишкек – Чалдыбар жолуну 19-чакырымынан, (Шопоков шаарчасынан) жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Жабырланган жаран алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей көз жумду.
Унаа айып төлөнүүчү аянтка коюлду. Аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.