Бүгүн, 12-сентябрда, парламенттин отурумунда жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант берип жатышат.
Иш чарага президент катышууда.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ант берип жатып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмгектенээрин билдирди. Андан кийин ант берүү жөрөлгөсүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, андан соң вице-премьерлер жана министрлер аткарышты.
Отурумда оппозициялык фракциялар "Республика" менен "Ата-Журттан" көпчүлүк депутаттар келишкен жок.