10-сентябрда Бишкектин М. Ганди, Кызыл-Кыя, Саадаев, Белозерский көчөсүндө дагы электр жарыгы өчүрүлөт. Аталган аймакта №1612 трансформатордук көмөкчордондо капиталдык оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле 10-сентябрда саат 9дан 17:00гө чейин Чүй жогорку электр тармактар ишканасы көмөкчордондо оңдоо иштерин жасайт. Ошол маалда Аламүдүн районуна караштуу Ленинский айылынын айрым бөлүктөрүндө электр энергия болбойт.