КР президенти Алмазбек Атамбаев Момуналиев Нурханбек Сакеновичти мурдагы ээлеген кызматынан бошотуу жана КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси - КР министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.