Бүгүн, 5-сентябрда, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Андрей Крутько кечээ, 4-сентябрда, КР ТИМдин таркаткан маалыматын тастыктоодон баш тартты. Анда ушул жылдын 20-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путин, Кыргызстанга расмий иш сапары менен келээри күтүлүүдө деп айтылган.
"ВБ"нын корреспонденти менен маектешүү маалында, Андрей Крутько президенттин келээри туурасында суроолор чечилип жатканын гана билдирди.