УКМКнын Чек ара кызматында анын жетекчиси Закир Тиленовду алмаштыра турган башка адамды табышты. Бул туурасында кызматтын жетекчисинин ишине ыраазы болбогон аталган ведомстводогу өздүк булактар билдирди.
Жетекчиликке аталапкерлердин арасында – КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги Ильязбек Субанкулов жана УКМКнын экинчи башкармалыгынын полковниги Кожар Бокаев бар.
Ведомство жетекчисин алмаштыруу кыязы, өкмөттүн жаңы курамын түзгөндө болчудай.